Михаэль Энденин «Момо» чыгармасы эми кыргыз тилинде

29-Апрель 2021

Михаэль Энденин «Момо» чыгармасы эми кыргыз тилинде жарык көрдү.
Мыкты балдар жана фэнтези жанрындагы чыгармалардын автору Михаэль Энденин (1929-1995) «Момо» чыгармасы эми кыргыз тилинде. Китепти белгилүү котормочу Насыпбек Асанбаев кыргызчалап, Самат Тоялиев редакциялаган. 312 беттен турган китептин мукабасы жумшак, сунушталган баасы 300 сом.

Китептин синопсиси төмөндөгүдөй:

Убакыт – бул жашоонун өзү. Ал эми жашоонун орду – жүрөк.
Момо – байыркы амфитеатрдын урандыларын байырлаган кичинекей кыз. Анын эл күнүмдүк берген майда-чүйдөдөн башка эч нерсеси жок. Бирок анын укмуштай таланты бар: Момо эң мыкты угарман жана анын кимди болбосун, канча болбосун угууга жеткидей да убакыты бар. Күндөрдүн биринде жер жүзүндө арбак сымал «Бозомтук кишилер» пайда болот. Алар чоң-чоң максаттарды коюп, ага жетүү үчүн башкалардын убактысын уурдашчу. Аларды токтото алчу жалгыз киши – Момо. Момо колунда гүл, колтугунда ташбака жана сырдуу Хора Устаттын жардамы менен бозомтук кишилердин алдында жалгыз турат. Деги ал убакыт уурдаган кишилерди өзү жалгыз жеңе алабы?

Автор «Момо» чыгармасы үчүн Германия Жаштарынын Адабий сыйлыгын алган. Бул – биздин коомдун жана бүгүнкү адамдардын убакытты кабыл алуусу, туура түшүнүүсү тууралуу жомок. Момо буга чейин көп жолу сахналаштырылды жана кырктан ашык тилге которулуп, дүйнө жүзү боюнча 7 миллиондон ашык нускада сатылды.


 «Момо – балдарга да, чоңдорго дагы жомок.»  Die Welt
«Михаэль Энденин романдары көп жылдардан бери «культ китептердин» катарында болуп келет.» Stuttgarter Zeitung
 «Михаэль Энденин кыялдарга, фантазияга бай жомок-романы дүйнө жүзү боюнча ийгиликтүү болуп, классикага айланды.» Buch aktuell
«Момо» - балдардын тургай, чоңдордун да бүйүрүн кызыткан ары кызыктуу, ары маңыздуу, таалими да, таасири да бар мыкты чыгарма.» Самат Тоялиев

 

 

Пикирлер