Балдар жазуучусу Кевин Кункелдин “Биз тандаган дүйнө” китеби кыргыз тилинде жарык көрдү

18-Май 2021

Балдар жазуучусу Кевин Кункелдин “Биз тандаган дүйнө” (The World We Choose) китеби кыргыз тилинде жарык көрдү. Китепти монтессори-педагог Чынара Термечикова англисчеден кыргызчага которуп, Самат Тоялиев редакциялады. Сүрөттөрүн кыргыз балдарга ылайыкташтырып заманбап сүрөтчү Динара Чокотаева тарткан. Китептин автордук укуктары “Китепстан” басма үйүнө таандык.

Автор китебинде балдарга дүйнө негизинен жакшырып бараткандыгын баяндап, анын улана беришин камсыз кылуунун жолу айланадагы жакшы нерселерге көңүл буруп, билимди жогорулатып, дүйнө таануу экендигин үйрөтөт. Китепте сабаттуулукту жогорулатуу сыяктуу позитивдүү нерселерге басым жасалат. Автор планетабыздагы жакшы нерселерге көңүл буруп, балдардын келечеги жаркын болушуна үндөйт жана кубаттайт!

Китеп 5+ жаштагы балдарга багытталган. 
Китепти дүң баада сатып алуу үчүн байланыш тел 0550666332

Пикирлер