Профессор С. Шириндин "Жетилгиле, балдар!" китеби эми кыргыз тилинде

24-Октябрь 2020

Профессор Селчук Шириндин "Жетилгиле, балдар!" китеби 27-октябрда сатыкка чыгат.

Китеп тууралуу маалымат төмөндөгүдөй:

Балдарыбыз үчүн баардык нерсени "туура" жасоонун рецепттерин издегенде, биз көп учурда стресске кабылабыз. Ушул чындыктан жолго чыгып, профессор Селчук Ширин 20 жылдык илимий жана жеке тажрыйбасынын жемиши болгон “Жетилгиле, балдар! китеби менен ата-энелерге жана тарбиячыларга кайрылат. Айрыкча, "мыкты ата-эне" болуу басымына дуушар болгондорго илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жалпак тил менен жеткирип жол көрсөтөт. Бул китеп бала тарбиялоодо конкреттүү, практикалык чечимдерди издегендерге абдан пайдалуу! Китеп ошондой эле педагогдор менен саясатчыларга да багыт берет.

Бөбөктөргө кантип диалогго негизделген китеп окуйбуз?

Кенже куракта баланын акыл-эсин кантип өстүрөбүз?

Бала тарбиялоодо тартип (дисциплина) кайсы чекке чейин?

Балдарга чет тил үйрөтүүнүн идеал курагы качан?

Билгенин  унутуп калбоо үчүн каникулда эмне кылуу керек?

Балдарыбызды экрандын туткуну болуудан кантип куткарабыз?

Бороон чапкындуу курактагы өспүрүм менен туура диалогдун жол жобосу кандай?

Балдардын ийгилиги генетикаданбы (канданбы) же чөйрөдөнбү?

Мектептер  балдарыбызды  дүйнө  менен  теңтайлашууга  даярдап  жатабы?

Ата-энелер мектептен эмнелерди талап кылышы керек?

Балаңыз  код жазууну  үйрөнүүгө  муктажбы?

Билл Гейтс эмне үчүн Гарвард университетин таштап салган?

30 миллион дефицит сөз деген эмне?

Үй-бүлөлүк медиа план кантип түзүлөт?

Келечекте балдарыбызды кандай чакырыктар күтүүдө?

Балдардын кенже курагынан өспүрүм курагына чейинки жүрүм-туруму боюнча Түркия жана дүйнө жүзүндө көптөгөн илимий изилдөөлөр жүргүзгөн автор Селчук Ширин китеп тууралуу мындай дейт: 20 жыл мурда китеп жазууну пландасам да, өзүмдүн балдарымды тарбиялай баштаганда баарын нөлдөн баштадым. Себеби ата болгонум балдардын өнүгүүсү боюнча билгендеримди кайрадан карап чыгууга түрттү. Эми иш жүзүндөгү тажрыйбам менен теориялык билимимди жуурулуштуруп, бөлүшө турган мезгил келди. Бул китепте ичиме сиңбеген эч нерсени  окурманга сунуштабадым.

Пикирлер