"Креативдүү болгум келет" китеби жарык көрдү

24-Октябрь 2020

Британ жазуучу Харриет Гриффийдий "Креативдүү болгум келет" аталыштагы китеби ноябрь айында жарык көрөт

Креативдүүлүк жалгыз гана жазуу, искусство же музыка аркылуу эмес, ошондой эле биз сүйгөн жашоону чагылдырууда да жатат. Креативдүүлүк бизнесте баалуу экенин, нарк кошконун жана атайын ага жетүүгө аракет кыларыбызды билебиз. Бирок ошол эле учурда өз алдынча да баалуу болуп, күнүмдүк турмушта маанилүү роль ойнойт. Креативдүүлүгүбүздү искусство, адабият же спорт аркылуу чагылдырып колдонсок да бул жеке психикалык абалыбызды да жакшыртат.

Харриет Гриффий “Креативдүү болгум келет” китебинде креативдүүлүк эмне экенин, креативдүүлүк процесси эмнени талап кыларын, аны эмне үчүн колдонууну, ошондой эле креативдүүлүк түрүбүздү, кызыгуунун жана башкалардан илхом алуунун пайдалары тууралуу маалыматтарды берет.

Китепте практикалык сунуштар, көрсөтмө жана идеялар мол. Бул китеп мокоп калган чыгармачылыгыңызды кайрап курчутуп, креативдүүлүгүңүзгө түрткү берет.

Пикирлер