Нобель Тынчтык Сыйлыгынын эң жаш лауреаты Малала Юсуфзайдын мемуары жакында

29-Август 2021

Азыр актуалдуу болуп жаткан талибдердин ким экенин билим берүү боюнча активист жана Нобель Тынчтык Сыйлыгынын эң жаш лауреаты Малала Юсуфзайдын чыныгы окуясынан билсе болот.

Талибдер Пакистандын Сват аймагын кѳзѳмѳлгѳ алган учурда Малала 10 жашта эле. Талибдер кыздарга мектепке барууга тыю салган мезгилде ал билим алуу укугу үчүн күрѳшѳт. Малаланы өзүнүн көздөгөн максатына жетүү үчүн аягына чейин турууга үйрѳтүшкѳн. 2012-жылы 9-октябрда мектептен үйүнѳ бараткан жолдо автобуста ага кол салуу болгон. Ок атылат. Анын аман калышына эч кимдин кѳзү жеткен эмес. Эми Малала тынчтык жүрүшүнүн эл аралык символуна айланды.

Биз атайын «Жаш окурмандар» басылмасын тандап алганбыз. Китеп түстүү сүрөттөрдөн  16 бет, жалпысынан 256 беттен турат. Унчукпоодон баш тарткан кыздын ѳз оозунан укмуштуудай окуяны угасыз. Малаланын күчтүү ишмердиги  бир бала, бир мугалим, бир китеп жана бир калем сап дүйнѳнү ѳзгѳртѳ аларына ишендирет. Талибдердин чыныгы жүзүн жаштарга көрсөтүп койбосо, эртең ИГИЛге кеткендей агылып кетчүлөр чыгышы мүмкүн.

Малаланын бул китебин кыргызча чыгарганы 2 жылдан бери аракет кылып жүргөм. Автордук укугун алуу аябай машакаттуу болду. Автордук укугун саткан Англиялык фирманын финансылык талаптары аябай түйшөлттү. Котормо, редакциялык жана корректорлук иштерге энтузиаист агай-эжелер салым кошушту. Алардын эмгеги өзүнчө постту талап кылат. Ал эми Малаланын адабий агентинине төлөнчү сумманы спонсор тапмайынча китептин баасы окурмандарга жеткиликтүү баада боло алмак эмес. Малаланын китебинин кыргызча автордук укуктарын алынышына колдоо көрсөткөн КР ЖК депутаты Алтынбек Сулаймановго ыраазылык билдирип коюу парзым. Китептин кыргызчасын окугандар да ыраазы болорунан шек жок. Жаштардын диний экстремизмден оолак тутуунун жолдорунун бири ушул китепти жаштарга окутуу. Бул маселенин олуттуулугун түшүнүп жардам колун сунган Алтынбек Сулаймановго дагы бир жолу рахмат айтам!

Китеп басылмага берилди. Сентябрь айынын башында басылып чыгат.

Бакытбек Абдуллаев,

«Китепстан» басма үйүнүн директору

20.08.2021

Пикирлер