Салман Хандын "Дүйнө мектеби" китеби эми кыргыз тилинде

24-Январь 2022

Бул китеп каалаган адамга, каалаган жеринде дүйнөлүк деңгээлдеги акысыз билим берүү феномени жөнүндө. Окуя мурдагы инженер жана хедж фонддун венчур капиталисти Салман Хандын математикадан кыйналган жээни Надяга онлайн сабак өтүшү менен башталат...

Бүгүн миллиондогон окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер Хан Академиясынын акысыз видеосабактарын жана программаларын колдонушат. Көптөгөн новаторлор сыяктуу эле, Салман Хан дагы мугалимдерди лекциялардан жана мамлекеттин буйругу менен түзүлгөн план-программалардан арылтуунун жолдорун ойлонууга түртөт. 

Келечектеги мектептер кандай болот, мугалим менен окуучунун мамилеси кандайча өзгөрүлөт жана класстарда кайсы технологиялык методдор окутулат? Ушул маселелерден тышкары, Хан Академиясынын түптөлүү окуясын негиздөөчүнүн өз калеминен окуйсуз. «Дүйнө мектеби» билим берүү тармагындагы реформалардын келечегине жарык чачат. Китеп баардык окурманга багытталат.

Китептин кыргызча котормосу Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаеванын баш сөзү менен башталат. Китепти Алтынай Токтоматова англисчеден кыргызчага которуп, Асылбек Жоодонбеков жана Роза Абдыкулова редакциялаган. Корректорлук кызматты Жетиген Асанбек аркалаган. Китеп "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду жана Хан Академиясынын Кыргыз өкүлчүлүгү менен биргеликте "Китепстан" басма үйүндө даярдалып, Глобал Принт басмаканасында басылып чыкты. Китеп "Китепстан" басма үйүнүн өз каражаты менен которулуп, басылып чыкты.

Пикирлер