«ФИНЛЯНДИЯНЫН 100 СОЦИАЛДЫК ИННОВАЦИЯСЫ» китеби жарык көрдү

19-Июль 2021

Финляндиялык социал-демократ, дарыгер жана активист Доктор Илкка Тайпаленин редакторлугундагы «ФИНЛЯНДИЯНЫН 100 СОЦИАЛДЫК ИННОВАЦИЯСЫ: Финляндия кантип саясий, социалдык жана турмуш-тиричилик инновацияларына бай өлкө боло алды?» (түп нускасы: 100 Social Innovations from Finland) китеби кыргызча жарык көрдү. Китептин баш сөзүн Финляндия президенти Саули Ниинистө жазган.
Китеп буга чейин 52 тилге которулган. Бул китепке эмне үчүн көптөгөн өлкөлөр жана чечим кабыл алуучулар мынчалык кызыгууда? Түштүк Кореянын Мамлекеттик Башкаруу Жогорку Мектеби, Монголиянын жалпы орто мектептеринде окутулган бул китепте бүгүнкү Финляндиянын саясий, социалдык жана турмуш-тиричилик муктаждыктарын кантип чыгармачыл жол менен чечкени тууралуу баяндалат.

Пикирлер