Жаш балдарды кайрымдуулукка жана ишкердикке үндөгөн китептер жарык көрдү

30-Май 2022

Азыркы замандын көрөгөч лидерлери Apple компьютер компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобс, NIKE спорт кийим компаниясынын негиздөөчүсү Фил Найт,  белгилүү IKEA эмерек компаниясынын негиздөөчүсү Иӊвар Кампрад жана ”Бүткүл медианын ханышасы”(ток-шоу алып баруучусу) атактуу Опра Уинфринин өрнөктүү жашоосун чагылдырган китептер кыргыз тилинде жарык көрдү. Китептер түстүү сүрөттөр менен берилип, эртеӊки күндүн лидерлерин ар тараптуу, чечкиндүү жана эркин болууга шыктандырат. Жаш муунга өздөрүнүн чыгармачылыгы, кыялдарын орундатуу, айлана менен эриш-аркак жашап, ишкердикте талбас эмгеги менен дүйнөнү өзгөртө алышаарына ишеним тартуулайт. Китептер 6 жаштан жогору балдарга арналып, катуу мукабада даярдалган.
Китептер Асылбек Жоодонбеков, Жибек Кенжебаева, Нуболот Азамат жана Эрмек Шоруков тарабынан кыргызчаланган. Китептерди Насыпбек Асанбаев редакциялап, корректорлугун Жетиген Асанбек, версткасын Сыргакбек Абдырасов жасаган. Китептердин автордук укугун алып, кыргызчаланышына Тимурлан Ашыров колдоо көрсөткөн.
Китептер дүкөндөрдө сатыкка чыкты.

Пикирлер