"Уурдалган көңүл: Чачыранды ойду кантип топтойбуз?" китеби кыргызчаланды

6-Март 2026

“Уурдалган көңүл” - көңүл буруу кризисине башкача көз караш менен карап, чачыранды ойду кантип топтосок болорун көрсөткөн терең жана таасирдүү эмгек. 

Заманбап дүйнө көңүлүбүздү алаксытып, ойду бир жерге топтоо күрөшкө айланган убак. Ар бир экран, билдирүү жана түгөнбөгөн азгырык көңүл коюу жөндөмүбүздү акырын уурдап жатат. Жоханн Хари дүйнөнү кыдырып, нейробиологдор, психологдор жана технократтар менен баарлашып, көңүлдүн кыйрашынын он эки негизги себебин  ачып берген. Аларды жеңүүнүн жолдорун сунуштаган. 

Аталган эмгек - PORCHLIGHT BUSINESS BOOK AWARD сыйлыгынын жеңүүчүсү. The Wall Street Journal, Financial Times, New York Post, Mashable, Mindful тарабынан жылдын мыкты китеби деп табылган. 

Бул эмгек күнүмдүк турмуштагы маалымат агымынан, стресс жана технологиялык алаксытуулардан фокусту сактап калууга жардам берет.

Пикирлер