Таабалды Эгембердиев – “Шоро”, “Супара” жана “Супара Чуңкурчак” компанияларын түптөгөн. Ал кыргыздын маданиятын, улуттук даамдарын дүйнөгө тааныткан жаратман ишкер.
Аталган китеп “Китепстан” басма үйү тарабынан даярдалган. Китепти балдарга ылайыкташтырып Жаңыл Каримова жазып, ал эми түстүү сүрөттөрдү Эльнур Исаков тарткан.
Китеп жаратман ишкердин өрнөктүү өмүрүн чагылдырат. Чыгармачылык, талбас эмгек жана билимге умтулуу менен кыялдарын орундатып, жашоону өзгөртсө болот деген ишеним тартуулайт. Балдарды эркин, жаратман жана ар тараптуу болууга шыктандырат.
Бул китеп ар бир үй-бүлөнүн китеп текчесинде орун алууга татыктуу.
“Китепстан” басма үйү дүйнөлүк бестселлер китептерди кыргызчага которот. Бул чыгарма басма үйдүн 51- китеби болуп саналат.