Т. Уайтакердин китебинин кыргызчасы жарык көрдү

29-Сентябрь 2020

Тодд Уайтакердин “Мыкты мектеп деректири кандай болот? Эң керектүү 18 кеңеш” аттуу китептин кыргызчасы жарык көрдү. Китептин түп нускасы “What Great Principals Do Differently: Eighteen Things That Matter Most” деп аталат.

Билим берүүдөгү лидерлик боюнча профессор Тодд Уайтакер билим берүүгө карата ашыктыгын карьерасы менен жуурулуштура алган бактылуу инсандардан. Анын мугалимдиктин маанилүүлүгү тууралуу билдирүүлөрү дүйнө жүзүндөгү жүз миңдеген педагогдордун ойлору менен үндөш келип, колдоо тапкан. Билим берүүгө карата ашыктыгы аны ийгиликтүү мугалимдер менен мектеп деректирлеринин ишин изилдөөгө түрткөн. Бул эмгек алдыңкы мектеп деректирлери өз ишинде эмнеси менен өзгөчөлөнөрүн баяндайт. Буларды аныктап алуу, аны кийин практика жүзүндө аткаруу – башкаларга да алардын деңгээлине жетүүгө мүмкүнчүлүк ачат. Бул китеп лидерликке стандарт жолду же ийгиликке алып баруучу жалгыз аяк жолду көрсөтпөйт. Анын ордуна бардык мыкты деректирлердин ишин колдой турган көз караштар тутумун көрсөтөт. Китеп билим берүү тармагынын жетекчилерине багытталган.

Китепти Бишкектеги Bookhouse (0559501509), Феномен( 0706003351), Данек китеп дүкөндөрү(0702858410,0557858410, 0777858410), Ош шаарында Китеп.кг (0227129999), Каракол шаары Кубат дүкөнү (0558118766) же 0555201852,0772201852), Талас шаарында (0771626491) сатып алууга болот.

Пикирлер