Китеп окуганды жактырбагандарга жаңы китеп жарык көрдү

23-Январь 2026

“Юан Хуан күркөсү” – жөн эле китеп эмес. Бул – сырдуу телефон күркөсүнө кирип эч ким укпаган, эч жерде жазылбаган кызыктуу окуяларды угуу мүмкүнчүлүгү. Чыгармада китеп окуганды жактырбаган Илхамдын кызыктуу окуялары баяндалат. Ал эски телефон күркөсүнө кирип, түрдүү аңгемелерди угат.

Технология менен китеп дүйнөсү табышмактуу айкалышкан бул чыгарма окурманды өзүнө тартат. Китеп 9 жаштан жогору балдарга сунушталат.

“Юан Хуан күркөсү” китеби 2025-жылы Amazon’до эң көп сатылган ТОП-10 балдар китебинин катарына кирди. Андан сырткары, Berlinale тизмесине кирип, Берлин кинофестивалында тааныштырылат.

Долбоордун жетекчиси: Бакытбек Абдуллаев

Китепти которгон: Нурия Бакытбек кызы

Редактор: Жетиген Асанбек

Корректор: Жаңыл Каримова

Верстка: Айжан Алмазбекова

 

Пикирлер