Фикри мырза үчүн жашоодогу эң маанилүү нерсе анын макамы эле. Аялы да, балдары да, тоту куш дагы аны "Фикри мырза" дечү. Бирок бир күнү күтүлбөгөн конверт баарын астын-үстүн кылып жиберди. Ал мектепти бүтүрбөй калыптыр. Кымбат костюм чечип, мектеп формасын кийген башкы директор балдар менен бир партада отуруш керек. Эми ага эч ким мурдагыдай "мырза" деп кайрылбайт. Юмор менен жазылган бул чыгарма балдарды да, чоңдорду да кайдыгер калтырбайт.
Бул китеп кимдер үчүн?
10+ жаштагы балдар
Бул китепте эмне бар?
- Урмат-сый
- Юмор
- Достук
- Адамдар менен мамиле куруу
- Өзүн-өзү таануу