Стереотиптерди талкалаган, башкалардын пикирине сый-урмат жана жакшылык кылуу тууралуу жагымдуу аңгеме «Баатыр менен Ажыдаар» жарык көрдү.
Баатыр чечкиндүү болчу. Бабалары кыла келгендей, өзү да ажыдаарлар менен кармашып, өзүнүн кандай эр жүрөк экенин бүткүл дүйнөгө жар салмак. Бирок бул эл оозунда айтылып калчу кармаш үчүн алгач ажыдаар табышы керек.
Кызыл Ажыдаар дагы чечкиндүү. Ал дагы ата-бабаларынан бери жасалып келгендей, үңкүрүндө күтүп отуруп, кишилер келгенде алар менен согушмак. Бирок бул окуя болуш үчүн алгач үңкүрүн бир киши таап келиш керек эле. Бирок Баатыр менен Ажыдаар кездешкен күнү баары башаламан болуп кетти.
Китепти кыргызчага которгон: Насыпбек Асанбаев, редактор: Санжи Туйтунова, корректор: Жетиген Асанбек, верстка: Сулайман Сагынбеков, акыркы окуган: Нурия Бакытбек кызы.
0503 666 532