Жетилгиле, балдар! Ымыркайлыктан өспүрүм куракка чейин бала тарбиялоо боюнча колдонмо

Селчук Ширин
Автор(лор) : Селчук Ширин
Түп нускасы : Yetişin Çocuklar: Bebeklikten Ergenliğe Çocuk Yetiştirme Kılavuzu
Которгон(дор) : Гүлжамал Кенжебаева
Басылган жылы : 2020
Категория : Саясат , Бала тарбиясы , Педагогика , Публицистика
Бетинин саны : 262
Формат : 13,5*21
Мукабасы : Жумшак
ISBN : 9789967483392
Тираж : 1000
Кимдерге : Ата-эне, мугалимдер
Сунушталган баасы : 370 Сом

Балдарыбыз үчүн баардык нерсени "туура" жасоонун рецепттерин издегенде, биз көп учурда стресске кабылабыз. Ушул чындыктан жолго чыгып, профессор Селчук Ширин 20 жылдык илимий жана жеке тажрыйбасынын жемиши болгон “Жетилгиле, балдар! китеби менен ата-энелерге жана тарбиячыларга кайрылат. Айрыкча, "мыкты ата-эне" болуу басымына дуушар болгондорго илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жалпак тил менен жеткирип жол көрсөтөт. Бул китеп бала тарбиялоодо конкреттүү, практикалык чечимдерди издегендерге абдан пайдалуу! Китеп ошондой эле педагогдор менен саясатчыларга да багыт берет.

Бөбөктөр менен кантип китеп окуйбуз?

30 миллион дефицит сөз деген эмне?

Кенже куракта баланын акыл-эсин кантип өстүрөбүз?

Бала тарбиялоодо тартип (дисциплина) кайсы чекке чейин?

Балдарга чет тил үйрөтүүнүн идеал курагы качан?

Билгенин  унутуп калбоо үчүн каникулда эмне кылуу керек?

Балдарыбызды экрандын туткуну болуудан кантип куткарабыз?

Бороон чапкындуу курактагы өспүрүм менен туура диалогдун жол жобосу кандай?

Балдардын ийгилиги генетикаданбы же чөйрөдөнбү?

Ата-энелер мектептен эмнелерди талап кылышы керек?

Балаңыз  код (программа) жазууну  үйрөнүүгө  муктажбы?

Билл Гейтс эмне үчүн Гарвард университетин таштап салган?

Үй-бүлөлүк медиа план кантип түзүлөт?

Келечекте балдарыбызды кандай чакырыктар күтүүдө?

Мектептер  балдарыбызды  дүйнө  менен  теңтайлашууга  даярдап  жатабы?

Балдардын кенже курагынан өспүрүм курагына чейинки жүрүм-туруму боюнча Түркия жана дүйнө жүзүндө көптөгөн илимий изилдөөлөр жүргүзгөн автор Селчук Ширин китеп тууралуу мындай дейт: 20 жыл мурда китеп жазууну пландасам да, өзүмдүн балдарымды тарбиялай баштаганда баарын нөлдөн баштадым. Себеби ата болгонум балдардын өнүгүүсү боюнча билгендеримди кайрадан карап чыгууга түрттү. Эми иш жүзүндөгү тажрыйбам менен теориялык билимимди жуурулуштуруп, бөлүшө турган мезгил келди. Бул китепте ичиме сиңбеген эч нерсени  окурманга сунуштабадым.

Пикирлер