Мыкты мектеп деректири кандай болот? Эң керектүү 18 кеңеш

Тодд Уайтакер
Автор(лор) : Тодд Уайтакер
Түп нускасы : “What Great Principals Do Differently: Eighteen Things That Matter Most
Которгон(дор) : Элмира Абжапарова, Мамасабыр Саипов
Басылган жылы : 2020
Категория : Бала тарбиясы , Публицистика
Бетинин саны : 216
Формат : 50*84
Мукабасы : катуу
ISBN : 9789967483699
Тираж : 1000
Кимдерге : билим берүү тармагынын жетекчилерине
Сунушталган баасы : 300 Сом

Билим берүүдөгү лидерлик боюнча профессор Тодд Уайтакер билим берүүгө карата ашыктыгын карьерасы менен жуурулуштура алган бактылуу инсандардан. Анын мугалимдиктин маанилүүлүгү тууралуу билдирүүлөрү дүйнө жүзүндөгү жүз миңдеген педагогдордун ойлору менен үндөш келип, колдоо тапкан. Билим берүүгө карата ашыктыгы аны ийгиликтүү мугалимдер менен мектеп деректирлеринин ишин изилдөөгө түрткөн. Бул эмгек алдыңкы мектеп деректирлери өз ишинде эмнеси менен өзгөчөлөнөрүн баяндайт. Буларды аныктап алуу, аны кийин практика жүзүндө аткаруу – башкаларга да алардын деңгээлине жетүүгө мүмкүнчүлүк ачат. Бул китеп лидерликке стандарт жолду же ийгиликке алып баруучу жалгыз аяк жолду көрсөтпөйт. Анын ордуна бардык мыкты деректирлердин ишин колдой турган көз караштар тутумун көрсөтөт.

Пикирлер