Мен Малала

Малала Юсуфзай, Патрисия Маккормик
Автор(лор) : Малала Юсуфзай, Патрисия Маккормик
Түп нускасы : I Am Malala: How One Girl Stood Up for Education and Changed the World
Которгон(дор) : Алтынай Токтоматова
Басылган жылы : 2021
Категория : Мемуар , Балдар адабияты , Публицистика
Бетинин саны : 260
Формат : 60*84
Мукабасы : Жумшак
ISBN : 978-9967-486-82-9
Тираж : 1000
Кимдерге : Балдар
Сунушталган баасы : 350 Сом

БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА АКТИВИСТ ЖАНА НОБЕЛЬ ТЫНЧТЫК СЫЙЛЫГЫНЫН ЭҢ ЖАШ ЛАУРЕАТЫНЫН ЧЫНЫГЫ ОКУЯСЫ

Талибдер Пакистандын Сват аймагын кѳзѳмѳлгѳ алган учурда Малала он жашта эле. Талибдер кыздарга мектепке барууга тыю салган мезгилде ал билим алуу укугу үчүн күрѳшѳт. Малаланы өзүнүн көздөгөн максатына жетүү үчүн аягына чейин турууга үйрѳтүшкѳн. 2012-жылы 9-октябрда мектептен үйүнѳ бараткан жолдо автобуста аны атып кетишкен. Анын аман калышына эч кимдин кѳзү жеткен эмес. Эми Малала тынчтык жүрүшүнүн эл аралык символуна айланды.

Бул «Жаш окурмандар» басылмасында анын эң окумдуу эскерүүсү эксклюзивдүү материалдар, сүрѳттѳр жана жаңы баш сѳзү менен жаңыртылып басылды. Унчукпоодон баш тарткан кыздын ѳз оозунан укмуштуудай окуяны угабыз.

 

«Мен Малала» китебине мактоолор

2015-жылы Амелия Блумер долбоорунун тандоо тизмеси

2015-жылы «Балдар китебинин мыкты тандоосу» конкурсунун финалисти

 

Пикирлер

«Кырдаалды ѳзгѳрткѳнгѳ батынган жаш кыздын инсандык күчтүү бейнеси»

 

Publishers Weekly

«Юсуфзайдын күчтүү үнү жана мыктылыгы ар бир бетте байкалат, анын айланасындагы адамдар жана колдогон үй-бүлѳсү бүгүнкү турмуштун күзгүсү.»

 

School Library Journal

«Жаш кыздын мектепке баруу аракетине болгон тоскоолдуктар, кол салуулар окуяны курч кылат. Юсуфзай Пакистандагы бала катары күнүмдүк жашоосун жалпысынан баяндайт... Юсуфзайдын сергек, тайманбас үнү менен аңгеме жеңил окулуп, кѳптѳгѳн жаш окурмандарга ал ѳз окуясын да, миссиясын да жеткирет.»

 

Booklist