Кенже курактан баштап мектеп курагындагы креативдүү, таланттуу жана жөндөмдүү балдарды окутуп үйрөтүүдөгү негизги 20 принцип

Америка Психологдор Ассоциациясы
Автор(лор) : Америка Психологдор Ассоциациясы
Түп нускасы : TOP 20 PRINCIPLES FROM PSYCHOLOGY FOR PreK–12 TEACHING AND LEARNING
Которгон(дор) : Бакытбек Абдуллаев, Элмира Абжапарова
Басылган жылы : 2019
Категория : Публицистика
Бетинин саны : 128
Формат : 60х84
Мукабасы : Жумшак
ISBN : 978-9967-9177-0-5
Тираж : 2000
Кимдерге : Мугалим, ата-эне, психолог
Сунушталган баасы : 190 Сом

Американын психологдор ассоциациясынын “Креативдүү, таланттуу жана жөндөмдүү балдарды окутуп үйрөтүүдөгү негизги 20 принцип” аттуу эмгеги кыргыз балдарынын чыныгы потенциалын ачып, туура багыттоо менен өлкөнүн өнүгүүсүнө жана элдин бакубат жашоосуна салым кошуу максатында бул эмгек англис тилинен кыргыз тилине которулду. Бул эмгек чыгаан психологдордун изилдөөлөрүнө таянып, көптөгөн талкуу, талдоо жана тандоолордун натыйжасында келип чыккан.
Бул китептен төмөндөгү суроолорго жооп таба аласыз: – Окуучулар кандай ойлонушат жана кантип үйрөнүшөт? – Окуучуларды эмнелер шыктандырат? – Эмне себептен социалдык чөйрө, жеке инсандык мамилелер жана эмоционалдык тең салмактуулук окуучулардын билим алуусу үчүн маанилүү? – Класс кантип натыйжалуу башкарылат? – Окуучунун жетишкендиктери кантип бааланат? – Баладан «сабактан канча баа алдың?» деп сураган туурабы же «эмне үйрөндүң?» деп сураш керекпи?
Аталган эмгек буга чейин англис тилинен чех, эстон, француз, корей, кытай, португал, испан, серб, түрк, араб жана словен тилдерине которулган. Бул эмгекти англисчеден кыргызчага Элмира Абжапарова жана Бакытбек Абдуллаев которуп, редакторлугун Асылбек Жоодонбеков, корректорлугун Жетиген Асанбек аркалады. Ал эми И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштер боюнча проректору, психология илимдеринин кандидаты Тууганбай Коңурбаев, КБАнын улук илимий кызматкери, педагогика илимдеринин кандидаты Гүлайым Жумабаева рецензиялады. Китептин кыргызча котормосу Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңеши тарабынан жактырылган. Бул методикалык колдонмо мугалимдер, психологдор, тарбиячылар, педагогика тармагында окуган студенттер, ата-энелер, билим берүү тармагында иш алып барган адистер жана жалпы окурмандарга сунушталат
 

Пикирлер

Кыргыздын креативдүү, зирек жана жөндөмдүү балдарын тарбиялоо — элдин, мамлекеттин келечеги. Андай балдарга өзгөчө мамиле жасап, асырап алуу керек. Билим берүүдө жана жаш муундарды тарбиялоодо элдин баштан кечирген тажрыйбасына таянуу туура, бирок адамзаттын алдыңкы жетишкендиктерин колдонуу да өз натыйжасын берүүдө. Америкалык психологдордун иштеп чыккан 20 принцибин кыргыз окурмандарына жакындатып берүүнүн өзү чоң эрдик. Мындай эмгектер биз сөз кылган келечекке жетүү үчүн жолду кеңейтет.

Тууганбай Коңурбаев, И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору, психология илимдеринин кандидаты, профессор

Негизги 20 принциптин ар бирин сын көз караш менен окуп чыгып, баарына макул болдум. Бул принциптердин жок дегенде бешөөсү колдонулса, билим берүүбүз бир топ алдыга жылмак.

Чынара Термечикова, монтессори-педагог, психолог

Мугалимдин психология боюнча даярдыгы мыкты болсо, окуучунун билим сапатын арттырууга, дүйнө таанымын кеңейтүүгө, түрдүү жөндөм-шыктарын ачууга, окууга шыктандырууга жол көрсөтөт. Мугалимдер үчүн мыкты колдонмо китеп катары сунуштайм. Чындыгында, окутуучулар педагогикалык авторитаризмден арылышы зарыл болгон убакыт келип жеткени жашыруун эмес.

Талгат Деркембаев, Бишкектеги №5 Улуттук компьютердик гимназиянын мугалими