ИКИГАЙ: Япондордун узак жана бактылуу жашоосунун сыры

Гектор Гарсия & Франческ Мираллес
Автор(лор) : Гектор Гарсия & Франческ Мираллес
Түп нускасы : Ikigai: Los Secretos de Japon para una vida larga y feliz (испанча)
Которгон(дор) : Мукан Асаналиев, Алтынай Токтоматова
Басылган жылы : 2019
Категория : Мотивация , Өзүн өзү өнүктүрүү
Бетинин саны : 200
Формат : 56х84
Мукабасы : Жумшак
ISBN : 9789967483484
Тираж : 3000
Кимдерге : Баардык окурман
Сунушталган баасы : 250 Сом

Дүйнөдө эң узак жашаган япондордун Окинава аралында ар 100 миң адамдын 35и 100 жаштан көп жашайт. Бул эң жогорку көрсөткүч. Китептин авторлору узак жана бактылуу жашоонун сырларын билүү үчүн кылым карыткандардын кыштагы Огимиге сапар тартышат. Көрсө, мунун сыры эң эле жөнөкөй экен. Япондор ар бир адамдын жеке икигайы бар экендигине ишенишет. Икигай деген сөздө кандай сыр катылды экен? Икигай бул – жашоону маңыздуу, шаңдуу, активдүү, бактылуу жашап жана узак өмүр сүрүү үчүн позитивдүү ойлонуу, сергек жашоо, туура тамактануу аркылуу ар бир иштен ырахат алууну айкалыштыруунун япончо аталышы. Бул китепте жеке икигайыңызды кантип табуу керек экендигине көрсөтмөлөр берилди.
Чынында эле, ким эле бактылуу жашагысы келбесин?
 

Пикирлер

Узак жашоонун, туура тамактануунун, бекем ден соолукта болуунун сырларын билгиңиз келсе "ИКИГАЙ" китебин окуңуздар! Япон дүйнөсүнө баш багыңыздар! Учак күтүп отуруп, учакта келатып окудум, керемет китеп экен!
Китептен үзүндү:
 - Жумушка жөө баруу же күнүнө жок дегенде 20 мүнөт жөө басуу;
- Лифтти пайдаланбай, эки бутуңду пайдалан. Ал сенин булчуңдарыңа, дем алууңа, жалпы эле ден соолугуңа пайдалуу;
- Телевизорду тиктеп отура бербей, коомдук иштерге катыш же активдүү эс ал;
- Көрүнгөн тамакты жей бербей, жашылчадан даярдалган тамакка өт, ал тез сиңип организмге пайдалуу;
- Тийиштүү деңгээлде 7-9 саат уктасаң дурус болот. Андан көбүрөөк уктасаң бошоң болуп каласың;
- Балдар менен же жакшы көргөн жаныбарың менен ойно, спорт менен машык, ал сенин денеңди гана чыңабастан ой жүгүртүүңдү жакшыртып, намысыңды ойготот;
- Күн тартибиң дайыма эсиңде болсун, ал сага жаман адаттарыңды таштап, жакшы адаттарды үйрөтүүгө жардам берет...
 

Кыялбек Акматов, п.и.д., Ош шаарындагы “Жетиген” мектебинин директору