Фин керемети 2.0: Фин мектебиндеги ийгиликтүү реформалардан дүйнө эмнени үйрөнө алат?

Паси Сальберг
Автор(лор) : Паси Сальберг
Түп нускасы : “Finnish Lessons 2.0: What Can the World Learn from Educational Change in Finland?
Которгон(дор) : Бакытбек Абдуллаев, Элмира Абжапарова
Басылган жылы : 2019
Категория : Саясат , Педагогика , Публицистика
Бетинин саны : 272
Формат : 72*100
Мукабасы : Жумшак
ISBN : 9789967921825
Тираж : 1000
Кимдерге : Cаясатчылар жана билим берүү тармагынын кызматкерлери
Сунушталган баасы : 750 Сом

Фин керемети 2.0: Фин мектебиндеги ийгиликтүү реформалардан дүйнө эмнени үйрөнө алат? (англисчесиFinnish Lessons 2.0: What Can the World Learn from Educational Change in Finland?”)

Билим берүү саясаты боюнча эл аралык эксперт Паси Сальберг тарабынан жазылган бул китеп Бакытбек Абдуллаев жана Элмира Абжапарова тарабынан кыргызчаланып, 19 тилге которулган.

Бардык саясатчылар жана билим берүү тармагынын кызматкерлерине сунушталат. Ошондой эле мектептерди жамандап же нааразы болгондун ордуна жакшыртууну каалагандар сөзcүз окушу керек.

Дүйнөнү өзгөртүү идеясы үчүн Grawemeyer 2013 сыйлыгына татыган бул китептен төмөндөгү суроолорго жооп таба аласыздар.

  • Фин мектебиндеги ийгиликтин сыры эмнеде?
  • Финляндиялык окуучулар PISA сынагынан кантип мыкты натыйжаларды көрсөтө алышты?
  • Билим берүүнүн экономикага кандай таасири болду?
  • Айыл жана шаардагы окуучулардын бирдей билим алуу шартын кантип курулду?
  • Мектептер эмне үчүн мамлекеттик каржылоого өттү?
  • Жеке менчик мектептер эмнеге жокко эсе?
  • Чет элдик консультанттардын кеңешин финдер кантип пайдаланды?
  • Билим берүү системасынын натыйжалуу иштөөсүндө өкмөттүн башка тармактардагы саясаты кандай роль ойноду?
  • Билим берүүгө аз акча коротуп, кантип мыкты натыйжалуу жетишкен?
  • Фин мектебиндеги өзгөрүүлөр башка өлкөлөргө канчалык үлгү боло алат?
  • Эмнеге алдыңкы фин жаштары эң оболу мугалимдик кесипти тандашат?
  • Фин билим берүү системасынын өнүгүп-өсүшүнө кайсы факторлор таасир берди?
  • Финдердин кандай маданий жана башка көрүнбөс өзгөчөлүктөрү бар?
  • Финляндиянын ийгиликтүү мектеп реформасында кандай саясий принциптер маанилүү болду?
  • Теңчиликте билим алуу максатына кантип жетсе болот?
  • Окуучуларга тест-сынак тапшыртпай, мугалимдерди текшербей туруп, алардын натыйжалуулугун кантип бааласа болот?
  • Финляндиянын мугалим даярдоо саясатынан эмнени үйрөнө алабыз? Күчтүү тараптары кайсы?
  • Финляндияда эмнеге стандартташкан тест сынактары жок?
  • Экономикалык кризис убагында билим берүү системасын кантип сактап калды?
  • Билим берүүнү реформалоонун глобалдык кыймылы (GERM) Финляндияны кыйгап өтүп кеткенин кантип түшүнсө болот?
  • Окуучуларга кесип тандоо тууралуу кеңештер канчанчы класстан бериле баштайт?

#Финкеремети2.0 #ПасиСальберг #finnishlessons2.0  #PasiSahlberg #educationpolicy #билимберүүсаясаты #кереге #китепстан

Пикирлер

Бул китеп мугалимдик кесипке эң алдыңкы жаштарды кылдат тандап, аларды жакшы даярдыктан өткөрүп, балдарды куунак окутуу шарттарын түзүп, мыкты мектептерди түптөөгө болорун көрсөтөт.  Даяна Ревитч, Нью-Йорк университетинин профессору

Бул китеп Сальбергдин билим берүү боюнча эл аралык деңгээлдеги изилдөөчү жана ойчул экенин бекемдеди. Мектептерди жамандап же нааразы болгондун ордуна жакшыртууну каалагандар сөзсүз окушу керек.  Дефид Берлинер, Аризона университетинин профессору

Мугалимдин кесипкөйлүгү, теңдик жана изилдөөгө таянып, акыл калчап жасалган кадамдар маанилүү. Фин мектептериндеги реформалар түшүнүктүү жана шыктандырып жазылган. Бардык саясатчылар менен билим берүү кызматкерлери окушу керек. Линда Дарлиң-Хеммонд, Стенфорд университетинин профессору

Grawemeyer сыйлыгына татыктуу болгон бул китеп Паси Сальбергдин дүйнөлүк деңгээлдеги терең билимине таянып жазылган.  Говард Гарднер, Гарвард университетинин профессору

.