Автор(лор) : Паси Сальберг |
Түп нускасы : “Finnish Lessons 2.0: What Can the World Learn from Educational Change in Finland? |
Которгон(дор) : Бакытбек Абдуллаев, Элмира Абжапарова |
Басылган жылы : 2019 |
Категория : Саясат , Педагогика , Публицистика |
Бетинин саны : 272 |
Формат : 72*100 |
Мукабасы : Жумшак |
ISBN : 9789967921825 |
Тираж : 1000 |
Кимдерге : Cаясатчылар жана билим берүү тармагынын кызматкерлери |
Сунушталган баасы : 750 Сом |
Фин керемети 2.0: Фин мектебиндеги ийгиликтүү реформалардан дүйнө эмнени үйрөнө алат? (англисчеси “Finnish Lessons 2.0: What Can the World Learn from Educational Change in Finland?”)
Билим берүү саясаты боюнча эл аралык эксперт Паси Сальберг тарабынан жазылган бул китеп Бакытбек Абдуллаев жана Элмира Абжапарова тарабынан кыргызчаланып, 19 тилге которулган.
Бардык саясатчылар жана билим берүү тармагынын кызматкерлерине сунушталат. Ошондой эле мектептерди жамандап же нааразы болгондун ордуна жакшыртууну каалагандар сөзcүз окушу керек.
Дүйнөнү өзгөртүү идеясы үчүн “Grawemeyer 2013” сыйлыгына татыган бул китептен төмөндөгү суроолорго жооп таба аласыздар.
#Финкеремети2.0 #ПасиСальберг #finnishlessons2.0 #PasiSahlberg #educationpolicy #билимберүүсаясаты #кереге #китепстан
Бул китеп мугалимдик кесипке эң алдыңкы жаштарды кылдат тандап, аларды жакшы даярдыктан өткөрүп, балдарды куунак окутуу шарттарын түзүп, мыкты мектептерди түптөөгө болорун көрсөтөт. Даяна Ревитч, Нью-Йорк университетинин профессору
Бул китеп Сальбергдин билим берүү боюнча эл аралык деңгээлдеги изилдөөчү жана ойчул экенин бекемдеди. Мектептерди жамандап же нааразы болгондун ордуна жакшыртууну каалагандар сөзсүз окушу керек. Дефид Берлинер, Аризона университетинин профессору
Мугалимдин кесипкөйлүгү, теңдик жана изилдөөгө таянып, акыл калчап жасалган кадамдар маанилүү. Фин мектептериндеги реформалар түшүнүктүү жана шыктандырып жазылган. Бардык саясатчылар менен билим берүү кызматкерлери окушу керек. Линда Дарлиң-Хеммонд, Стенфорд университетинин профессору
Grawemeyer сыйлыгына татыктуу болгон бул китеп Паси Сальбергдин дүйнөлүк деңгээлдеги терең билимине таянып жазылган. Говард Гарднер, Гарвард университетинин профессору