Фил Найттан эмне үйрөнө алам?

Фредрик Колтиң жана Мелисса Медина
Автор(лор) : Фредрик Колтиң жана Мелисса Медина
Түп нускасы : What I can learn from the incredible and fantastic life of Phil Knight
Которгон(дор) : Асылбек Жоодонбеков
Басылган жылы : 2024
Категория : Балдар адабияты
Бетинин саны : 32
Формат : -
Мукабасы : катуу
ISBN : 9789967000520
Тираж : 1000
Кимдерге : балдарга
Сунушталган баасы : 350 Сом

Фил Найт - атактуу Nike компаниясынын негиздөөчүсү. Ал спорт бут кийимин сергек жашоо образынын символуна айландырган көрөгөч киши. Бул сүрөттүү китеп жаңы өсүп келаткан муунга Филдин өрнөктүү жашоосун тааныштырып, аларды кыялдарын орундатууга, жигердүү болууга жана айлана менен эриш-аркак жашоого шыктандырат. 

Колуңуздагы көңүл эргиткен биографиялык китеп жаш окурмандарга арналып, азыркы замандын көрөгөч лидерлеринин өрнөктүү жашоосун чагылдырат. Китеп эртеңки күндүн лидерлерин ар тараптуу, чечкиндүү жана эркин болууга шыктандырат. 

Которгон: Асылбек Жоодонбеков, редактор: Насыпбек Асанбаев, корректор: Жетиген Асанбек, верстка: Сыргакбек Абдырасов. 

Пикирлер