Дүйнө мектеби

Салман Хан
Автор(лор) : Салман Хан
Түп нускасы : The One World Schoolhouse: Education Reimagined
Которгон(дор) : Алтынай Токтоматова
Басылган жылы : 2021
Категория : Билим берүү
Бетинин саны : 216
Формат : 17*23
Мукабасы : Жумшак
ISBN : 978-9967-486-89-8
Тираж : 1000
Кимдерге : Баардык окурман
Сунушталган баасы : 400 Сом

Бул китеп каалаган адамга, каалаган жеринде дүйнөлүк деңгээлдеги акысыз жеткиликтүү билим берүү феномени жөнүндө. Окуя мурдагы инженер жана хедж фонддун венчур капиталисти Салман Хандын математикадан кыйналган жээни Надяга онлайн сабак өтүшү менен башталат...
Бүгүн миллиондогон окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер Хан Академиясынын акысыз видеосабактарын жана программаларын колдонушат. Көптөгөн новаторлор сыяктуу эле, Салман Хан дагы мугалимдерди лекциялардан жана мамлекеттин буйругу менен түзүлгөн план-программалардан арылтуунун жолдорун ойлонууга түртөт. 
Хан Академиясы технология менен билим берүүнү кантип айкалыштырып, адам факторун алдыңкы планга чыгаргандыгын Хан Академиясынын негиздөөчүсүнүн өз калеминен окуйсуз. «Дүйнө мектеби» билим берүү тармагындагы реформалардын келечегине жарык чачат.
 

Пикирлер

 «Салман Хандын билим берүү системасына кошкон салымы эбегейсиз» 

Билл Гейтс