Чечимдер китеби

Микаэль Крогерус, Роман Чеппелер
Автор(лор) : Микаэль Крогерус, Роман Чеппелер
Түп нускасы : The Decision Book: Fifty Models for Strategic Thinking
Которгон(дор) : Назгүл Мурат
Басылган жылы : 2021
Категория : Мотивация , Бизнес
Бетинин саны : 176
Формат : 60*84
Мукабасы : катуу
ISBN : 9789967483392
Тираж : 1000
Кимдерге : Баардык окурман
Сунушталган баасы : 300 Сом

БУЛ КИТЕПТИ ЭМНЕ ҮЧҮН ОКУШУҢУЗ КЕРЕК?

Бул китеп күн сайын адамдар менен иштешип, баарлашкан адамдар үчүн жазылган. Сиз студент, мугалим, жумушчу, а балким ишкер же топ-менежерсиз. Сиз ким болбоңуз, айрым суроолорго күн сайын туш болосуз: Жумушту алмаштырсамбы? Ким менен турмуш курсам? Мен өзүмдү же командамды кантип шыктандыра алам? Жаңы кызматкер алсамбы же системаны өзгөртсөмбү? Канткенде эффективдүү иштей алам? Дагы да жекече суроо: мен өзү эмне каалайм?

БУЛ КИТЕПТЕН ЭМНЕ ТАБАСЫЗ?

Жогорудагы суроолорго жооп табууга же кайсы бир көйгөйдү жөнөкөйлөтүп, туура чечим чыгарууга жардам берет. Китеп кара сөз менен баяндалып, визуалдык шаймандар менен коштолгон.

 Сиз презентация даярдашыңыз керектир, а балким оор чечим кабыл алуунун алдында турасыз, же бизнес долбоорду баалоого же жөн гана өзүңүздү жакшыраак таанууга бел байлап жаткан чыгаарсыз. Бул чакан китепте MBA сабактары же башка жерлерде кеңири колдонулган чечим кабыл алуунун эң мыкты элүү модели берилип, сизге жол көрсөтүүчү күчтүү колдонмо боло алат.

БУЛ КИТЕПТИ КАНТИП КОЛДОНУУ КЕРЕК?

Бул жумушчу дептер. Моделдерди көчүрүп алып, аларды толтуруп, ката кетирсеңиз кайра чийип, айтор билимиңизди өркүндөтүп турсаңыз болот. Бул китеп ой-толгоого жем таштайт.

Пикирлер