1984

Жорж Оруэлл
Автор(лор) : Жорж Оруэлл
Түп нускасы : 1984
Которгон(дор) : Адамата Алишеров
Басылган жылы : 2022
Категория : антиутопия , адабий котормо
Бетинин саны : 288
Формат : 60*84
Мукабасы : катуу
ISBN : 978-9967-000-56-8
Тираж : 1000
Кимдерге : Баардык окурман
Сунушталган баасы : 400 Сом

Ар бир жарандын  кылган иш-аракети, ал тургай ойлору да Улуу Аганын тынымсыз көзөмөлүндө. Партияга каршы ойлонуу – Ой кылмышы болуп; сынчыл ойлонууга, Ой кылмышына жол бербөө аракетинде Жаңы тил түзүлөт; сүйүүгө, кыялданууга, эркиндикке жол жок. Чындык министрлиги тарыхты бурмалап кайра жазуу менен, Тынчтык министрлиги согуш менен, ал эми Махабат министрлиги жарандарды кыйноо жана өлтүрүү менен алек.

Океанияда жашаган 39 жаштагы Уинстон Смит өзүндөй ойлонгондорду издеп, Жулияга кезигет. Жулиянын мүнөзүндөгү эч кандай бузукулуктун, амалкөйлүктүн жоктугу ага болгон махабат отун тутандырат. Экөө жек көргөн Партияга каршы күрөшкө аттанышып, кандай шарт болбосун бири-бирине чыккынчылык кылбоого убада беришет. Чыгарманын соңунда экөөнүн тагдыры тоталитардык режимдин жүзүн айкын көрсөтүп берет.

            Жорж Оруэллдин “1984” дистопиялык шедеври XX кылымдын эң көп окулган жана эң таасирдүү чыгармаларынын бири. Ал доорлор алмашса да, тоталитардык режимди чагылдырган күзгү бойдон калууда.

Пикирлер